Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Катуу шамалдан жабыркоо Чүйдө да катталды


Бүгүн катуу шамалдан Чүй облусунда айрым объекттер жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, эртең менен түшкө чейин ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен шамал жүрүп, Кара-Балтада турак үйдүн жанына 1 дарак кулаган. Жабыркагандар жок. Сокулукта шамал “АЮ” ишканасынын 230 чарчы метр чатырын учуруп кетти.

Ага чейин катуу шамал Баткенде эки мектептин чатырын учуруп кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG