Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Алмазбек Атамбаев Венада маңзат аткезчилигин талкуулады


А. Атамбаевдин Европага сапары Австриядан башталды. 22-март, 2015-жыл
А. Атамбаевдин Европага сапары Австриядан башталды. 22-март, 2015-жыл

24-мартта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен Венада жолугушту.

БУУнун башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов эки тараптын кызматташуусун мындан да натыйжалуу кылуу үчүн кыргыз тараптын маселелерин жана артыкчылыктарын талкуулоого даяр экенин билдирип, БУУнун программаларына Кыргызстанда колдоо көрсөтүлүп жатканына ыраазылыгын айтты. Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан конкреттүү программаларга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы маңзат ташууга жана кылмыштуулукка каршы күрөш өкмөттүн күн тартибинде эң маанилүү маселелердин катарында турат деп белгиледи. “Ошондуктан биз мындан ары да биргелешкен активдүү ишибизди улантууга тийишпиз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуу президент Алмазбек Атамбаевдин Европа сапарынын алкагында болду. Президенттин Европа өлкөлөрүнө сапары 22-марттан 1-апрелге чейин созулуп, беш өлкөнү камтыйт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG