Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Президент Алмазбек Атамбаевдин сапары бүгүн Швейцарияда уланат


Алгач Атамбаев Швейцария конфедерациясынын президенти Симонетта Соммарутта менен жолугушуусу күтүлүүдө. Президент Атамбаевди ардак кароолдун коштоосунда тосуп алган соң, эки тараптуу жолугушууда Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жаатында өз ара пикир алмашуу болору белгиленди. Ошондой эле эл аралык абал жана саясий диалогду тереңдетүү чаралары жолугушуунун күн тартибинде каралган.

Андан соң Кыргызстан менен Швейцариянын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү туурасында меморандумга кол коюлары күтүлүүдө.

Мамлекет башчысы Атамбаевдин андан аркы сапары Бельгияда Брюсселде Евросоюздун институттарында уланмакчы. Атамбаев Европанын беш мамлекетине болгон расмий сапарын 31-мартта Германияда жыйынтыктайт.

Бул жолугушууларда Кыргызстандагы демократиялаштыруу жараяны, адам укугун сактоонун абалы жана өлкөдөгү соттук-укуктук реформаларды алга жылдыруунун чаралары талкууга алынары күтүлүүдө.(KJ;ZKo)

XS
SM
MD
LG