28-март, ишемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 4...9,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8,
Баткен облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 7...12,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 9...14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10,
Нарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 6…8 градус болот.