Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

ШИИБ: Бишкекте дагы бир наристе зордукталды


Бишкектин Свердлов райондук милициясы беш жаштагы кызды зордуктады деген шек менен 37 жаштагы жергиликтүү тургунду кармады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек ИИБ басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя “Келечек” конушунда 21-март күнү күндүз болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча шектүү жаран коңшусунун кызын достору менен ойноп жүргөн жеринен “таттуу берем” деп алдап алып кетип, үйүнө алып барып зордуктаган. Анын денесиндеги канды көрүп, ата-энеси милицияга арыз жазган. Экспертиза кылмышка шектүү жаран кызды зордуктаганын аныктаган.

Кыргызстанда соңку учурда жаш балдарды зордуктоо фактылары көп каттала баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG