Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:59

Ооганстанда сүрөтчүнү өлтүргөн кишиге сот өкүмү чыкты


Аня Нидрингхаус Афиныдагы Олимпиада оюндары маалында, 2004-жылдын августу
Аня Нидрингхаус Афиныдагы Олимпиада оюндары маалында, 2004-жылдын августу

Ооганстандын Жогорку Соту Накибулла аттуу мурдагы полиция кызматкерин 20 жылга эркинен ажыратты. 2014-жылдын апрель айында полиция кызматкери Ооганстандагы шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жүргөн Associated Press агенттигинин сүрөтчүсү Аня Нидрингхаус менен кабарчы Кэти Гэннонду атып өлтүргөн.

Германиянын жараны Нидрингхаус ошол жерден жан берген, канадалык журналист Гэннон жараат алган. Анын мойнуна алты ок тийген. Ал азыр мекенинде дарыланууда.

Аня Нидрингхаус 2005-жылы Ирак согушун чагылдырган үчүн Пулитцер сыйлыгын алган. Ошол эле жылы журналистикада көрсөткөн эрдиги үчүн Аялдардын эл аралык фонду тарабынан сыйланган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG