Калың жааган карга жана күндүн сууп кеткендигине байланыштуу Ош шаарындагы мектептерге жана ооруканаларга жылуулук берүү кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Күндүн ысыгандыгына байланыштуу Ош шаарынын мэринин буйгуру менен калаага жылуулук берүү 24-марттан баштап токтотулган болчу.
Кечээтен бери жаап жаткан кардын калыңдыгы Ошто 10 смге жетти. (YI)