Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:58

Бала зордуктагандарды өмүр бою кесип, мунапыс бербөө сунушталууда


Бул сунуш Акыйкатчынын балдар зомбулугун токтотуу боюнча долбоорунда камтылды. Коомдук угууга коюлган долбоордо балдардын коопсуздугун сактоо боюнча ата-эненин жана жергиликтүү бийликтердин дагы жоопкерчилигин күчөтүү боюнча механизмдер каралган.

Акыйкатчынын айтымында, азыр Кыргызстан боюнча115 номурундагы ишеним телефону ишке киргизилгени жатат. Ага ылайык, атайын бөлмө бөлүнүп, жабдуу менен камсыздалууда. Ишеним телефонуна кайрылгандардын үнү автоматтык түрдө күнү-түнү жазылып турат. Ал жерде түзүлө турган оперативдик топ кайрылуулар боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүп турушат.

Мындан тышкары ушул тапта "Зомбулуксуз мектеп" долбоору ишке киргизилди. Азыр шаардагы 30дан ашык мектепте атайы кутулар илинип, окуучулар зомбулук туурасында көргөн-билгендерин жазып салып тура алат. Мектептерде атайын зомбулуктун алдын алууга багытталган сабактар өткөрүлөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча балдарга карата жыныстык мүнөздөгү кылмыштын саны 2013-жылы 138, 2014-жылы 140 болгон. Былтыр зомбулуктун айынан 10 бала каза тапкан. (AzK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG