Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Нигериянын президенти шайлоодо жеңилгенин моюнга алды


Нигериядагы шайлоо бекети. 28-март, 2015-жыл.
Нигериядагы шайлоо бекети. 28-март, 2015-жыл.

Гудлак Жонатан шайлоодо оппозициянын талапкери Мухаммаду Бухариге жеңилгенин моюнга алды.

Бухаринин партиясы билдиргендей, президент Гудлак атаандашын шайлоодогу жеңиши менен телефон чалып куттуктаган.

Шайлоонун азырынча бейрасмий жыйынтыгы Бухари Гудлактан 2,1 миллион добуш көп алганын көргөзүүдө.

Шайлоодо жеңген Бухари 72 жашта, дини боюнча мусулман.

Ал мурдагы аскерий лидер, 1983-85-жылдары төңкөрүш аркылуу бийликке келген.

Оппозиция Бухаринин жеңишин “тарыхый учур”, бийликтин туңгуч ирет тынч жана демократиялык жол менен өткөрүлүшү болот деп баалоодо.

Мунайга бай Нигерия - Африканын эң көп калктуу өлкөсү жана эң ири экономикасы. Өлкө түндүгүн негизинен мусулмандар, ал эми түштүгүн христиандар байырлайт. (UE)

XS
SM
MD
LG