Линктер

бейшемби, 22-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:34

Украина: Луганскта жикчилдер жарандарга жаңы паспорт берет


Донецк жана Луганск региондорунун картасы

Өзүн Украинадан күнкорсуз деп жарыялаган "Луганск элдик республикасы" өз көзөмөлүндөгү аймактардын жашоочуларына жарандык паспорт берет.

Козголоңчу аймактын Министрлер кеңеши 3-апрелде чыгарган жарлыкка ылайык, орус тилинде басылган паспорт 16дан жогору курактагыларга берилет. Украинанын чыгышындагы аймакты Москва колдогон жикчилдер 2014-жылы "төбөлсүз" деп жарыялаган. Жикчил аймакты Грузиянын амирин тааныгандан баш тарткан Түштүк Осетия гана тааныган. 3-апрелде жикчилдердин өкмөтү өз банкын ачканын жана пенсия орус акчасы - рубль менен төлөнөрүн жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG