Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Кызылчага каршы эмдөө уланууда


16-марттан 28-мартка чейин өтө турган улуттук эмдөө өноктүгүндө Бишкек шаары боюнча 156 138, Чүй облусунда 158 924 адам эмделди. Эки аптага созулган бул иш-чарада жалпысынан 315 062 киши кызылчага каршы эмдөө алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан өлкө боюнча ишке ашкан эмдөөлөрдөн кийин алты кишиде терс реакция жаралган учур катталды. Бирок эмдөөдөн кийин саламаттыгы кескин начарлап, ооруканага түшкөндөр болгон жок.

30-марттан тарта кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмделбей калган кишилерге вакцина саюу уланууда. Жыл башынан бери кызылча оорусуна Кыргызстан боюнча 7 миңге чукул киши кабылган. Бул ооруну алдын алуу үчүн улуттук эмдөө өнөктүгү башталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG