Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Чүйдө мечит-медреселердин айланасы жашылдандырылат


Көчөттөрдү таратуу учуру. 5-апрель, 2015-жыл
Көчөттөрдү таратуу учуру. 5-апрель, 2015-жыл

Чүй облустук казыяты бул үчүн аймактагы мечит-медреселерге жалпысы болуп 25 миң көчөт таратты. Бул тууралуу Чүй облусунун казысы Нурлан Танабаев “Азаттыкка” билдирди:

- Мухамед пайгамбарыбыздын хадисинде да айтылган: Кимде-ким кургап жаткан жерге суу апкелип, бак тигип, жашылдандырса, кийин ал бактардын мөмөсүн башкалар жегенде бак тиккен киши үчүн көп сообу тиет. Биз да мечит, медреселердин айланасына көчөт тигип, жашылдандыруу үчүн ар бир райондун имам-хатибдерине беш миңден көчөт тараттык.

Казынын бекемдешинче, бул иш –чара мечит-медреселердин айланасын жашылдандырып, бак тигүү тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын буйругу боюнча жүрүүдө.(MM;ZKo)

XS
SM
MD
LG