Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Жихадга үндөөгө шектелген аскер кызматкери кармалды


Кыргызстандыктарды жихадга үндөөгө шектелген аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” билдирди:

- Кызматтык териштирүүнүн негизинде кармалган аскердин тек-жайы аныкталды. Иликтөө иштери аягына чыкмайынча, анын аты-жөнү жана кай жерден экени ачык айтылбайт,- дейт Бөрүбаева.

4-апрель күнү 20-24 жаштардагы жигит Фейсбуктагы жеке баракчасына Кыргызстандагы азыркы башкарууну жок кылуу үчүн жихадчыларды топтоп жатканын жазган. Анын айтымында, учурда алты киши топтолгон, алардын төртөө балдар үйүндө чоңойгон.

Ички иштер министрлиги интернет аркылуу чакырык таштаган жаран Жалал-Абаддагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат кылып жаткан болушу мүмкүн экенин маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG