Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Караколдо Апрель окуясы эскерилди


Каракол шаарындагы эскерүү
Каракол шаарындагы эскерүү

7-апрель - Элдик ыңкылап күнүн эскерүү митинги бүгүн Каракол шаарында да өттү. Иш-чара А.С. Пушкин атындагы сейил бакта уюштурулду. Жыйынга облус жетекчилиги, апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана жараат алгандар катышышты. "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Максат Чегирткеев ыңкылап өз максатына жетпегенин айтып, маркумдардын үмүтү азырынча актала электигин митингиде белгиледи. Чыгып сүйлөгөн апрель баатырларынын көпчүлүгү ушундай пикирлерин билдиришти.

Иш-чарада апрель баатырларынын эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, куран окутулду. (AsA)

XS
SM
MD
LG