Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызмунайгаз” ишканасынын жетекчисинин эки орун басары жана газ сатуу бөлүмүнүн адиси кылмышка шектелип кармалды. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, алар көгүлтүр отту мыйзамсыз сатты деген шек менен 7-апрелде колго түшкөн. Эртең баш коргоо чаралары каралат.
Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси – шалаакылык, коммерциялык уюмдар жөнүндөгү мыйзамды бузуу жана ишенип берилген мүлктү өз пайдасына ыйгарып алуу боюнча кылмыш иши козголду.
Аталган ишкана Кочкор-Ата жана Жалал-Абад шаарларын газ менен камсыз кылат. (SE\RsK)