Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Аба ырайы


Шашылыш эскертүү

2015-жылдын 15-16-апрелинде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Мындай бороон-чапкындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ал жемиш бактарынын гүлдөрүнө да коркунуч туудурат.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27,
Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20,

14-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG