Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик кызматы Кыргызстан базарындагы дары-дармекти сатууну көзөмөлгө алуу жана аткезчиликти азайтууга арналган талкуу өткөрөт. Жыйын бүгүн Бишкектеги “Сити отель” комплексинде болот.
Жакында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ооруканалар менен төрөт үйлөрү дарыны беш эсе кымбат баада сатып алып жатканын айткан. Андан сырткары, коомчулукта чет элден ташылып келген дарылардын ичинде сатууга жана колдонууга тыюу салынгандары бар экени тууралуу маселе көтөрүлгөн.
Дары-дармек сатуу - Кыргызстанда кирешелүү бизнестин катарында. (SE)