Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Өкмөттө Кара-Кече жылуулук борборун куруу талкууланды


Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, вице-премьер-министр Валерий Диль Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча бүгүн кеңешме өткөрүп, анда курулуштун шарттары жана ыңгайлуу варианттары аныкталды. Аныкталган шарттар кызыккан тараптарга жөнөтүлмөкчү.

Валерий Дилдин айтымында, президент Атамбаевдин Европага жасаган сапары учурунда Кыргызстанга салына турган немис инвестициясына Германия мамлекети кепилдик берерин билдирген. Кыргыз өкмөтү ошондуктан шарттарды аныктап, инвесторлорго сунуштоону көздөөдө.

Электр энергиясынын тартыштыгы Кыргызстан энергия өндүрүүчү ишканаларга муктаж экенин көрсөткөнү өкмөттө белгиленди.

XS
SM
MD
LG