Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

ЕККУ: Чыгыш Украинада ок атышуулар кескин көбөйдү


Мариуполь шаарына коңшулаш Широкине кыштагы артиллериялык аткылоодон кийин. 15-апрель 2015
Мариуполь шаарына коңшулаш Широкине кыштагы артиллериялык аткылоодон кийин. 15-апрель 2015

Украинанын чыгышында ок атышпоо режими бузулуп, өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдер арасында атышуулар арбыды. Бул жөнүндө ЕККУнун атайын байкоочулар миссиясынын өкүлү Майкл Боцюркив 15-апрелде Киевде Би-би-Сиге берген интервьюда айтты:

- Биз акыркы баяндамабызда, ачыгын айтсам, элдешүү бузулуп, атышуулар кескин көбөйдү деп жазуудабыз. Донецк аэропортунун ичинде, айланасында жана Широкино кыштагында айыгышкан уруш жүрүүдө. 14-апрелде гана алты саат ичинде Донецк аэропортунда жана атрабында 700дөн ашык жардырууну байкоочуларыбыз укту.

Боцюркивдин айтымында, стратегиялык жактан маанилүү Мариуполь порт-шаарынын четинде да салгылашуулар болууда.

XS
SM
MD
LG