Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:03

Роза Отунбаева иш сапар менен Нарынга барат


Роза Отунбаева Ош облусуна жасаган иш сапары учурунда. 2013-жыл.

Экс-президент Роза Отунбаева "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фондунун иштерине байланыштуу Нарын шаарына барып, бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушуу өткөрөт.

Ошондой эле Борбор Азия университетинин Нарындагы профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин иши менен таанышат. Жолугушуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатканын обладминистрация кабарлады. (MiK)

XS
SM
MD
LG