Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Миграция мекемеси Москвада өкүлчүлүгүн ачат


Москвада Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгү ачылат. Буга байланыштуу келишимге министр Айбек Азыракулов менен Орусиянын Миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромадановский жолугушкан учурунда кол коюлду. Жолугушууда Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстан жарандарынын Орусиянын аймагына кирүү тартиби сүйлөшүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Азыранкулов 15-апрелде Москвадагы сапарынын алкагында кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушуп, миграциялык борборго баш бакты. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусиядан сырткары Казакстан жана Түштүк Кореяга да өз өкүлчүлүгүн ачууну сунуштаган.

Орусияда расмий маалыматтар боюнча, 500 миңдин тегерегинде кыргызстандык жүрөт. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча бул сан бир миллондон ашуун экени айтылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG