Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Тогуз коргоолдун классикалык түрүнөн дүйнө чемпиондору аныкталды


Анарбек Жамакеев (Кыргызстан) жана Хакимжан Елеусинов (Казакстан), Алматы, 15-апрель, 2015
Анарбек Жамакеев (Кыргызстан) жана Хакимжан Елеусинов (Казакстан), Алматы, 15-апрель, 2015

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча ІІІ дүйнө чемпионатында классикалык түр боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынын өкүлү Нурпери Садырбекованын билдиргенине караганда, бүгүн 16-апрелде мелдештин жыйынтыктоочу 7-туру болду. Жыйынтыгында казакстандыктар Хакимжан Елеусинов менен Жаннат Каймулдин алтын жана күмүш байгелерди алышты. Кыргызстандык Анарбек Жамакеев коло медаль тагынды. Белгилей кетсек аталган үч оюнчу тең 7 оюнда 6 жолу жеңип, 1 жолу утулуп алтыдан упай топтошкон. Жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча Бухгольц коэффиценти эске алынган. Ушул эле классикалык түрдөн кыз келиндер арасында кыргызстандык Аида Керимбекова күмүш байге алды. Ал жети оюнда 5.5 упай топтогон. Эсебине бир упай арбын топтогон казакстандык Асель Далиева биринчи орунду ээледи. Коло медалды дагы бир казакстандык Салтанат Сапарбекова алды. Коло байге ээсинин эсебине дагы 5.5 упай жазылган.

Тогуз коргоолдун классикалык түрүнөн ар бир турда бир оюнчуга 90 мүнөттөн убакыт берилет. Дүйнө чемпиондугу 17-апрелде аяктайт. Алдыда блиц (бир партияда ар бир оюнчу 7 мүнөттөн ойнойт) жана рапид (бир партияда ар бир оюнчу 25 мүнөттөн ойнойт) түрлөрү боюнча 7 турга чейин созулган оюндар бар. Ушул учурда блиц түрү боюнча оюндар башталды. Бул мелдеште Кыргызстандан Алтынай Шамбетова, Максатбек кызы Айтурган, Анарбек Жамакеев жана Кубан Сазаев катышууда. 17-апрелде боло турган рапид боюнча оюндарга эркектер арасында Анарбек Жамакеев жана Кубаныч Ибрагимов, кыз-келиндер арасында Аида Керимбекова менен Мадина Курманбекова ойнойт. (ECh)

XS
SM
MD
LG