Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Баткен облусунун 15 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата майрам өтүп жатат. Салтанатка вице-премьер-министр Таирбек Сарпашов жана ЖК депутаттары, Баткен облусунун мурдакы губернаторлору катышууда. Майрамдык салтанатта аскердик парад (жүрүш) болуп, коноктор Айгүл гүлү өскөн тоо менен да таанышышат. Иш чарага сарпталуучу чыгым эл аралык уюмдар тарабынан каржыланып, 4 млн сомдой сарпталат.

Бул датага байланыштуу президидент Алмазбек Атамбаев куттуктады. “Өрүкзар жергесинин мээнеткеч эли кылымдар бою калыптанган коңшулаштыктын жакшы салттарын улап, көп улуттуу элдердин башын бириктирип, бардык күч аракетин облустун экономикасын, өзгөчө өнөр жайын өнүктүрүп, Баткенди гүлдөгөн өрөөнгө айландырууга жумшайт деп терең ишенем”, - деп жазылат куттуктоодо.(JsA/КЕ)

XS
SM
MD
LG