Орус президенти бул тууралуу бүгүн теледеги түз байланыш учурунда айтты:
- Өтө өзгөчө болгусу келген жана өзүлөрүн дүйнөдөгү күчтүн жалгыз борбору деп санаган кээ бир ири державаларга, супер державаларга союздаштар эмес, вассалдар керек. Мен мында Кошмо Штаттарды эске алып жатам. Орусия мамилелердин мындай системасын колдомок түгүл, анда жашай албайт. Муну баары түшүнүүсү керек. Биз кызматташтык үчүн дайыма ачыкпыз.
Путиндин пикиринде, АКШ жана Еврошаркет Орусияга каршы санкция киргизүүдө Москванын украин кризиси менен жаңжалындагы ролун жөн гана шылтоо катары пайдаланды. Путин жакын арада санкциялардын алынышын күтүүгө болбойт жана бул “таза саясий мүнөздөгү маселе” деп эсептейт.
АКШ менен Еврошаркет болсо санкциялар Крымды мыйзамсыз анексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилерди курал жана аскер менен колдогон Орусиянын жүрүм-турумун өзгөртүү максатында киргизилгенин айтып келишет. Орус президенти түз байланыш учурунда Украинада “орус аскерлери жок” деп кайрадан ырастады.
Путин бүгүн белгилегендей, Орусия санкцияларды экономикадагы “жаңы жетишкендиктер” үчүн база катары колдонуусу керек. (UE)