Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун билдиришинче, сот 23-апрелде болот. Жакында Ички иштер министрлиги тендерден утуп алган орусиялык “Стилсофт” ишканасынын арыз-документтерин иликтеп, анда жалган маалыматтар камтылганын аныктаган жана сотко кайрылган.
Бүгүн Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруудагы проблемалар талкууланууда. Анда тендерден утуп алган орусиялык “Стилсофт” компаниясынын директору Юрий Стоянов Ички иштер министрлигинин буга чейинки дооматтарын четке каккан болчу. Ал аталган компания Орусияда ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеп, тендерди үзгүлтүккө учуратууга ИИМде кызыкдар адамдар бар экенин кошумчалады.
Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбооруна болжол менен 43 миллионго жакын доллар керек деп айтылууда. Эгер ал ишке ашса, кылмыштуулук азайып, жол эрежесин сактоо бир калыпка түшөрүн адистер белгилешет. (КE)