Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:38

Өзгөндөгү окуя боюнча айыпталган Амановдун камактагы мөөнөтү узартылды


Өзгөндөгү ишкерди опузалоого шектүү деген Абдисалам Амановдун камактагы мөөнөтү бир айга узартылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Аманов өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелген. Ал Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин жакын шериги деп айтылып келет.

Кадыралиевге издөө жарыяланганда анын “оң колу” катары таанымал болгон Абдисалам Амановду да милиция издей баштаган.

Январь айынын орто ченинде Аманов кармалып, Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сурак учурунда ал айыбын мойунуна алганын күч органдары кабарлашкан. Бирок туугандары “милиция уруп-сабап, күнөөнү мойунуна илип жатканын” айтып чыккан. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG