Бүгүн Ош шаарында Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан үч облустагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган үч жылдык программанын жыйынтыгы чыгарылууда.
Долбоор Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын 13 районундагы 55 айыл аймагын камтыйт.
Үч жыл ичинде ымыркайлардын өлүмү 11% кыскарып, 61 жамааттык бала бакча, 23 жаштар борбору жана майып балдар үчүн 2 борбор ачылды.
Мектепке барбай жүргөн 2,5 миң бала окуй баштап, күбөлүгү жок жүргөн 3 миң балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди.
Долбоорду ишке ашырууга Улуу Британия өкмөтү ЮНИСЕФ уюму аркылуу 8 миллион доллар бөлүп берген. (RK)