Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Зулпукаровду мандаттан ажыратууну талап кылгандар пикетке чыкты


Жогорку Кеңештин имаратынын алдына парламенттин вице-спикери Төрөбай Зулпукаровду депутаттык мандаттан ажыратууну талап кылган нааразылык акциясы өтүп жатат. Ага 10 адам катышууда. Акцияга чыккандар депутаттын 18 жыл мурунку кыз зордуктоого катышы бар же жок экенин көз карандысыз комиссия аркылуу тыкыр иликтөөнү талап кылууда.

Жакында “Искра” гезити Зулпукаров 1997-жылы милиция кызматкери болуп иштеп турган кезде мас абалында үч таанышы менен кыз зордуктоо боюнча айыпталып, кылмыш иш козголгонун жазып чыккан.

Зулпукаров гезиттин бул маалыматын шайлоо алдындагы каралоо деп билдирген. (BkA\MiT)

XS
SM
MD
LG