Зулпукаровго каршы митинг өттү
Жогорку Кеңештин имаратынын алдына парламенттин вице-спикери Төрөбай Зулпукаровду депутаттык мандаттан ажыратууну талап кылган нааразылык акциясы өттү. Жакында “Искра” гезити Зулпукаров 1997-жылы милиция кызматкери болуп иштеп турган кезде мас абалында үч таанышы менен кыз зордуктоо боюнча айыпталып, кылмыш иш козголгонун жазып чыккан. Зулпукаров гезиттин бул маалыматын шайлоо алдындагы каралоо деп билдирген.