Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Китеп жумалыгы уланууда


Бүткүл дүйнөлүк Китеп жумалыгынын алкагында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана бир катар иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

23-апрелде белгиленчү дүйнөлүк Китеп күнү Улуттук китепкананын алдында тургузулган Алыкул Осмоновдун эстелигинин жанында «Алыкулга таазим» аттуу поэзия күнү өтөт. Ага белгилүү акындар менен бирге «Жаңы толкун» клубунун, «Нурборбор» академиясынын, «Кыздар ай» адабий клубунун мүчөлөрү жана ошондой эле студенттер катышат.

Түштөн кийин Курманжан датка аянтында китептердин көргөзмөсү өтөт.

Дүйнөлүк Китеп күнү маданий салттарды сактап калуу максатында 1995-жылы Париж шаарында ЮНЕСКОнун сессиясында расмий түрдө жарыяланган. (ZA)

XS
SM
MD
LG