Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетүү боюнча арызы президентке келип түшө элек. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди. Мыйзам боюнча премьер-министр кызматтан кетүү тууралуу арызын президентке тапшырат. Атамбаев аны кабыл алган соң өкмөт толук курамы отставка кетет.
Андан соң коалициялык көпчүлүк жаңы өкмөттүн курамын түзүүгө киришиши керек. Социал-демократтар фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушевдин айтымында, бул жараян он беш күндүн ичинде бүткөрүлүп, жаңы өкмөт парламентке алып чыгарылыш керек.
Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр Оторбаев отставкага кетерин жарыялаган. Оторбаев былтыр апрелде “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” парламенттик коалициясы тарабынан көрсөтүлүп, дайындалган. Бул коалиция КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциясы кирет.(BkA)