Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Кыргызстанга Бажы көзөмөлү үчүн жаңы жабдуулар келди


Жаңы жабдуулар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү алкагында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органдарга 23-апрелде келип түштү.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, бажы түйүндөрү үчүн тыюу салынган товарларды аныктоочу компьютердик жабдуулар да алып келинди. Булар кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт”, Эркеч-Там, кыргыз-тажик чек арасындагы Кызыл-Бел, кыргыз-өзбек чек арасындагы Достук жана Кара-Суу бажы өткөрмө бекеттерине, ошондой эле “Манас” жана Ош аэропортторунун бажы көзөмөлүнө коюлмакчы.

Бажы кызматынын маалымдашынча, 20-апрелден бери Евразия экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Алар Торугарт, Эркеч-Там өткөрмө бекеттеринде жана “Манас”, Ош аэропортторунда болуп, Кыргызстан Бажы кызматынын жаңыланган маалыматтык системасын текшерип көрүшүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG