Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Жеңиш парады 9-майда өтөт


Жеңиштин 69 жылдыгына карата Ошто өткөн парад. 2014-жыл.

Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкек шаарында майрамдык парад 9-май күнү болот. Бул тууралуу Президенттик аппараттан кабарлашты. Мурдараак президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата салтанатка кетип жатканы үчүн парад 7-майга жылдырылганын мамлекет башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов билдирген эле. Датаны жылдыруу коомчулукта нааразылыктарга себеп болгон.

Майрамдык салтанат Ала Тоо аянтында болорун “Азаттыкка” Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Парадды Башкы штабдын жетекчиси Асанбек Алымкожоев кабыл алат.

Быйыл Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленет. Бул күнгө карата Москвада өтчү парадга катышуудан Батыштын бир катар өлкө жетекчилери баш тарткан. Алар муну Украинанын чыгышындагы кырдаалга байланыштуу Орусиянын позициясына нааразы экенин ушинтип түшүндүрүп жатышат. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG