Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 14:55

Ноокендеги Кара-Үңкүр дарыясынан суу ташып жатат


Дээрлик он күндөн бери Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында жайгашкан Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун денгээли көтөрүлүп, ташып жатат. 15-апрелде жээкти коргоочу тосмонун 150 метр жерин суу алып кеткен. Андан бери коргонуу чаралары жүргөнүнө карабай, 25-апрель күнү кечке жуук дарыядагы дамбанын дагы бир бөлүгүн суу жууп, четтеги айдоо аянттарынын айрым жерлерин жараксыз абалга келтирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ташкындаган сууну азайтуу иштерине 2 самосвал, 1 экскватор бөлүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG