Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-апрелге чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу жогору экендигин билдирди. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө. Адистер коргонуу чараларын даярдап коюу зарылдыгын эскертет. (SE)