Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Кокондогу жарылуудан үч адам жабыркады


Өзбекстандын Кокон шаарындагы унааларга газ толтуруучу жайда болгон жарылуудан үч адам жабыркап, ооруканага жаткырылды. Коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги алардын денеси түрдүү даражада күйгөнүн билдирди.

Жергиликтүү булактардын маалыматына ылайык, 25-апрелге караган түнү "Автогаз" ишканасына таандык газ куюучу жайда "техникалык мүчүлүштүктөн" улам жарылуу болгон. Айрым булактар окуяда бир киши мерт кеткенин билдирген. Бирок расмий органдар адам өлүмү тууралуу кабарды тастыктай элек.

Кокон шаары Фергана облусуна карайт. (SE)

XS
SM
MD
LG