Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Непал бийлигине 25-апрелдеги зилзалага байланыштуу көңүл айтып, атайын кат жолдоду.
“Абдан чоң жоготууга учурап, көптөгөн адамдардан айрылып отурасыңар. Непалдын тарыхый, маданий мурастары да катуу жабыркады. Силерге терең кайгыруу менен көңүл айтам жана аза кайгыңарды тең бөлүшөм. БУУнун гуманитардык кызматкерлери урандылардын алдынан издөө иштерине катышып, сиздерге мүмкүн болгон жардамын көрсөтөт”, - деп жазат Пан Ги Мун.
25-апрелде Непалда күчү 7.9 баллга жеткен зилзаладан жүздөгөн үйлөр кыйрап, 19-кылымда курулган Дхарахара мунарасы да кулап түшкөн. АКШнын Геология кызматы кабарлагандай, силкинүү очогу борбор калаа Катмандудан 80 чакырымдай алыста болду. Жер титирөө Индия, Тибет, Бангладеш жана Пакистанда да байкалды.
Расмий маалымат боюнча кырсыктан 1900дөн ашуун адам каза таап, 4700ү жаракат алды. (BCh)