Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 11:35

Ооганстанда полициянын генералы кол салуудан өлдү


Ооганстанда куралчан адам Урузган провинциалдык полициясынын акимин жана бир жаранды атып өлтүрдү. Генерал Гуляб Ханга 25-апрелде шам ченде Тиран Кут шаарында полициякананын маңдайында кол салынганын, береги жаран Хандын коногу экенин Ооган полициясы билдирди. Кол салууга байланыштуу полициянын Наяб деген кызматкери камакка алынды. Мурда Ооган полициясынын криминалдык башкармалыгын жетектеген генерал Гуляб Хан Урузган провинциясынын полиция зардалы өткөн айда Кабылда атып өлтүрлгөндөн кийин анын ордуна дайындалган болчу.(AU)

XS
SM
MD
LG