Жергиликтүү бийликтер билдиришкендей, өлкөнүн түндүк-батышында кечээги шамалда 45 адам өлгөндөн тышкары 200дөн ашуун киши да жаракат алды. Пешеварда жана анын айланасындагы райондордо имараттар бузулуп, бак-дарактар омкорулду, электр зымдары үзүлдү.
Жергиликтүү бийликтер жүздөгөн мал-жандык да кырылган болушу мүмкүн деп болжошууда.
Борбор Исламабад менен Пешевардын ортосунда аба каттамдары токтотулду.
Пакистандын метереологиялык кызматы куюн аралашкан кечээги шамалды “кичи торнадо” деп мүнөздөдү. (UE)