Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:28

Туск: Молдова менен кызматташтык тереңдейт


Европа кеңешинин президенти Молдова менен кызматташтык тереңдейт деп сөз берди.

Дональд Туск Украина жана Румыния менен коңшулаш Молдованы «Европа Биримдигинин маанилүү шериги» деп атады. Өлкө былтыр Европа Биримдиги менен Ассоциативдик келишимге кол койгондон кийин, Орусия андан жашылча-жемиштин айрым түрлөрүн сатып алууга тыюу салган.

Ошол эле убакта Туск Кишинев өкмөтүнө акыйкаттык системасын, банк тармагын реформалап, коррупция менен күрөшүүгө кеңеш берди. Молдованын президенти Никола Тимофти өлкө Евробиримдик менен келишимдерин аткарат деп сөз берди.

XS
SM
MD
LG