Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Бел-Алма кени боюнча сынак убактылуу токтотулду


Бел-Алма кени жайгашкан Майдан айыл округу, Кадамжай району, Баткен.
Бел-Алма кени жайгашкан Майдан айыл округу, Кадамжай району, Баткен.

Баткендеги Бел-Алма көмүр кенин чалгындоо боюнча конкурс убактылуу токтотулду. Мындай чечимди Бишкектин райондор аралык соту кабыл алды. Өкмөт алдындагы Геология жана минералды ресурстар агенттигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, сот чечимине байланыштуу сынак убактылуу токтотулат. Бирок агенттик жогорку баскычтагы сотко кайрылып, чечимди жокко чыгарууну көздөп жатат.

Бел-Алма көмүр кенин чалгындоо боюнча конкурстун экинчи айлампасы ушул аптада өткөн. Анда “Беш-Арча”, “Перити-Коал” жана “Ормош ойл” ишканалары кенди иштетүү боюнча сунуштарын берген. Конкурстук комиссия келип түшкөн сунуштарды карап, жеңүүчүнү аныкташы керек болчу.

Бул кен жайгашкан Майдан айылдык кеңешинин депутаттары мурда жасалма лицензия менен көмүрдү мыйзамсыз казып келген ишкана конкурска башка ат менен кайрадан катышып жатканына нааразы болушууда. Алардын айтымында, көмүр кенин эки жылча мыйзамсыз иштеткен “Жаңы доор” ишканасы азыр конкурска “Ормош ойл” деген ат менен катышууда. Аталган ишкана Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султановго таандык экени айтылып келет. Бирок эл өкүлү муну четке кагып, конкурстук комиссиянын мүчөлүгүнөн өз арызы менен чыккан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG