Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Парламент комитети Сариевдин талапкерлигин жактырды


Темир Сариев
Темир Сариев

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Темир Сариевдин талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөт түзүмүн жактырды. Комитет жыйынында Сариев программасы менен тааныштырды. Ал негизги милдети катары өкмөттүн кадыр-баркын күчөтүп, адискөй команда түзүүнү атады. Сариевдин айтымында, өкмөттүн түзүмү менен курамында көп деле өзгөрүү болбойт.

Ошондой эле Темир Сариев экономика министрлигине премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун, финансы министрлигине экономика министринин орун басары Адылбек Касмалиевдин, транспорт жана коммуникация министрлигине “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Аргымбек Малабаевдин талапкерлигин сунуштады. Натыйжада комитет Сариевдин талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөт түзүмүн жактырды.

Эми премьер-министрдин талапкерлиги түштөн кийин парламенттин жалпы жыйынында каралат.(BkA)

XS
SM
MD
LG