Британиянын ханзаадасы Уильям Лондон сааты боюнча 8 жарымда кыздуу болду.
33 жаштагы жубайы герцогиня Кэтрин таңкы саат 6да Лондондун Падингтон аймагындагы Линдо Винг ооруканасына барган. Анын төрөтү жеңил болгону, кыздын салмагы 3 килограмм 700 грамм экени айтылууда. Расмий Кенсингтон сарайынын өкүлдөрү наристе кыз Британ тактысына 2013-жылы июль айында төрөлгөн агасынан кийинки төртүнчү катарда турарын жар салды. Кызга азырынча ысым ыйгарыла элек. (BCh)