Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:12

Украинанын чыгышындагы Донецк облусунун аймагында 298 кишиси менен малайзиялык “Боинг 777” учагы кулаган жерде издөө иштери соңуна чыкты.

Жекшемби, 3-майда авиакырсыкта каза болгондордун калдыктары салынган соңку жети контейнер Харьковдон Эйндховенге жөнөтүлөт. Бул тууралуу Нидерландынын коопсуздук жана юстиция министри Герард Адриан ван дер Стюр билдирди. Анын айтымында, издөө ишинин токтошу толугу менен бул иш жабылды дегенди билбей турганын айтты.

Былтыр 17-июлда Украинанын чыгышындагы Донецк облусунун аймагында 298 кишиси менен малайзиялык “Боинг 777” учагы атып түшүрүлгөн. Эл аралык коомчулук аны аймакка көзөмөлдүк кылган орусиячыл жикчилдер атып түшүрдү деп шектенип жатышат. Орусия жана жикчилдер мындай айыптоону жокко чыгарып келишет. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG