3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. Бул датага байланыштуу Бишкекте журналисттердин тилектештик акциясы өтүүдө. Анда медиа мекемелер бири-бири тууралуу маалыматтарды шаар аралап шайтан араба менен элге таратышат. Ошону менен катар бул акция коомчулукту велосипед тебүүгө үндөө максатын көздөйт. Иш-чараны “Жаш журналисттер” кыймылы уюштурган.
"Фридом Хаус" эл аралык уюмунун апрель айында жарыяланган жылдык баяндамасына караганда, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы өткөн жылга салыштырмалуу начарлаган. 199 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 148-орунду ээлеп, эркин эмес мамлекеттердин катарына кошулган. (КЕ)