Бишкектин шаардык соту бүгүн "Вечерний Бишкек" гезити боюнча ишти карап, Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.
Райсот 23-апрелде "Вечерний Бишкек" басма үйү менен "Рубикон" фирмасынын азыркы кожоюну Александр Ким жана Анна Власенкого таандык акцияларын камакка алуу чечимин чыгарган болчу. Мындай доо арыз менен райондук сотко "Вечерний Бишкектин" мурдагы кожоюндарынын бири Александр Рябушкин кайрылып, Кимден 2000-жылдан берки мезгил үчүн компенсация талап кылган.
“Вечерний Бишкектин” жамааты жакында президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, басылманы рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрам Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген.
Бирок Фарид Ниязов бул ишке эч тиешеси жок экенин айткан, Башкы прокуратура да териштирүү жүргүзүп, жогоруда айтылган айыптоолор негизсиз деген бүтүм чыгарган. (RK)