Ооган бийликтери билдиргендей, жанкечти бутага өкмөттүк кызматкерлер түшкөн автобусту алган.
Башкы прокуратуранын кызматкерлери түшкөн автобус шаардын борборунда жардырылып, андан кеминде он киши жаракат алды.
Кол салуу үчүн "Талибан" жоопкер болду.
Ооган борбору Кабулда өкмөттүк кызматкерлердин коопсуздугун жакшыртуу аракетинде алар үчүн атайын автобус каттамдары уюштурулат.
Бүгүнкү кол салуунун алдында ооган бийлиги менен "Талибандын" өкүлдөрү Катар мамлекетинде жолугуп, бирок сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болбогону кабарланган.
Өткөн аптада "Талибан" жазгы чабуул баштаганын жарыялган. (UE)