Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Будапештте бир тууган Навальныйлар сыйланат


Алексей жана Олег Навальный тоталитардык режим тууралуу коомчулукту кабардар кылууга кошкон салымы үчүн 6-майда сыйланышат.

Аларга бул сыйлыкты берүү чечими Европанын акыл-эс жана абийир платформасынын мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган. Аталган платформанын сайтында жазылгандай, бир тууган Навальныйлар бул сыйлыкка Орусиядагы демократиялык баалуулуктарды жана эркиндикти колдоо үчүн кылган эмгектери менен татышты.

Алексей Навальный орус президенти Владимир Путинди кескин сындап чыккан. 2011-2012-жылдары Москвадагы нааразылык жүрүштөрүнүн негизги күчү болгон.

Европанын акыл-эс жана абийир платформасы 18 өлкөнүн 48 мамлекеттик жана жеке институттарынын башын бириктирген эл аралык уюм. Анын штаб-квартирасы Прага шаарында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG