Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Чаткалда тургундар “Кичи Чаарат” компаниясына талап койду


Чаткалдагы алтын казуучу “Кичи Чаарат” компаниясы коомдук угуу өткөрүп, жергиликтүү тургундардын талаптарын укту. Район акиминин орун басары Жуманалы Накетаев "Азаттыкка" билдиргендей, 4-май күнкү жыйында тургундар негизинен экологиялык талаптарды сактоону суранышты. Ошондой эле жергиликтүүлөрдү көбүрөөк жумушка тартуу маселеси козголду.

Элдин айткан талаптарына 12-май күнү райондогу бардык кен казуучу компаниялардын катышуусунда өтө турган коомдук угуу маалында жооп берилет.

"Кичи Чаарат" жеке компаниясы 2012-жылдан бери кен казат. Район боюнча жалпы 7 компания иштейт. (RsK)

XS
SM
MD
LG