Кыргызстандагы медиа-контентке орусиялык пропаганда таасир этүүдө. Бул тууралуу Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Айрыкча мындай таасир теле-радиодо жана Интернетте Украинадагы согуш, Крымдын аннексиясы, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу, Батыштын Орусияга карата киргизген санкцияларына байланыштуу дискуссияларда байкалып жатканы айтылууда.
Уюмдун эксперттеринин пикиринде, айрым орус тилдүү веб-ресурстар буга шымалана киришип, мазмуну душмандашуу деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланып жатат.
Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби - коммерциялык эмес уюмт. Анын ишмердүүлүгү сөз эркиндиги жана маалыматка жетишүүгө, эркин жана адилеттүү журналистиканы өнүктүрүүгө, кризис болгон аймактагы ММКларды Кыргызстанда жана Борбордук Азияда туруктуулук менен демократияны өнүктүрүү максатында колдоого багытталган. (RK)